262948785 609279623823992 882147464369149536 N

Анкарадагы Гази университетинде Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-ноябрында Түркиянын Анкара шаарындагы Гази университетинде кыргыз адабиятынын жана грамматикасынын негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара университеттин окутуучулар жамааты менен студенттеринин катышуусунда өткөн.

“Элчи Кубанычбек Өмүралиев, аталган окуу жайдын ректору Муса Йылдыз жана профессор Хулья Касапоглу Ченгел сөз сүйлөшүп, анда Касым Тыныстановдун Кыргызстандын илим-билиминин өнүгүшүнө, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилешти”, – деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача видеоролик да көрсөтүлдү.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email