Бишкек, 01.12.21 /Кабар/. 2021-жылдын 29-ноябрында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри, доктор шейх Фалех бин Ахмед Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.