1638346049 Large.730x0

Бишкекте бий спорту боюнча биринчилик өтөт

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында балдар, жаштар жана чоңдор (5 жаштан жогоркулар) арасында Бишкек шаарынын бий спорту боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымавтка ылайык, мелдешке 300дөн ашык спортчу катышат, булар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эң күчтүү спортчулары.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргызстанда бий спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КРнын бий спорту федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Башталышы: 10:00дө, №29 мектеп-гимназиясы, Горький көчөсү 144.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email