193325027 2947556182183797 8958438326246922221 N 730x0.730x0

Төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленет

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2021-жылдын 4-декабрында өтөт.

Эстебес Турсуналиев — 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Э.Турсуналиев кыргыз элинин фольклордук ырларын аткаруучу солист катарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, фольклордук топ менен бирге Индияда, Бельгияда, Швецияда, Францияда, Японияда ж.б. өлкөлөрдө гастролдордо болгон.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, “Акындын үнү”, “Айтыштар”, “Заман жарчысы”, “Эскерүүлөр”, “Ыр өмүрүм”, “Кайыңды” аттуу китептери жарыкка чыгарган.

Ага Кыргыз Мамлекеттик кон-серваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарыл-ган.

«Ардак белгиси» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email