F9bac275 A9d8 4f44 9731 C9df27454736.730x0

Алроса кубогу: Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеванын көз караштар таймашы өттү.

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Россияда өтө турган “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеште Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы Бишкек убактысы менен саат 23:00 менен 00:00дөр аралыгында күрөшөт.

Килем үстүнө чыгардан мурда кыздар алгач салмактарын аныктап, андан кийин көз караштар таймашын өткөрдү.

Супертурнир 3-декабрда Москва шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип, финалга чыккан. Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон.

Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздап, дүйнө чемпиону болгон.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email