90.730x0

Кыргызстанда сутка ичинде 46 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 28-декабрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 19, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 264 бейтап, амбулатордук түрдө 325 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 552 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 680 киши айыгып чыкса, 2 миң 798 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email