Test Covid2019.730x0

Статистика: Акыркы суткада 41 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-декабрга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 24, Ош шаарына – 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 255 бейтап, амбулатордук түрдө 315 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 633 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 778 киши айыгып чыкса, 2 миң 800 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email