20763 1640851375 Lg

Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди келе жаткан Жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду.

Пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email