77

Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда “омикрон” штаммы аныктала элек

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде өлкөдө коронавирустун “омикрон” штаммы аныктала электигин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жаңы “омикрон” штаммы аныкталса, ооруканалар жана лабораториялар толук даярдыкта.

“Республикада жаңы технологиялар менен эки вирусологиялык лаборатория ачылды, алар жаңы штаммга скрининг жана изилдөө жүргүзүшөт. Мындан тышкары, дагы 8 лаборатория ачуу пландалууда”, – деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, жаңы “омикрон” штаммын жуктурган учурлардын 70-75%ы салыштырмалуу жеңил өтөт, кадимки сасык тумоого окшош жана ооруканага жаткырууну талап кылбайт.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email