Imgm1611

Руслан Казакбаев ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сурея Эр менен жолугушту

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-январында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сурея Эр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТүркПАнын алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттик өңүттө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө болгон өз ара ниеттери айтылды.

Р.Казакбаев ТүркПАнын башкы катчысы М.Эрди кызматына шайланышы менен куттуктап, Парламенттик Ассамблея 2008-жылы түзүлгөндөн бери түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик дипломатиясынын институту катары жогорку натыйжаларга жетишкенин белгиледи.

ТүркПАнын башкы катчысы М.Эр ТүркПАнын учурдагы эл аралык ишмердүүлүгү жана 2022-жылга пландаштырылган иш-чаралары, анын ичинде 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өтүүчү ТүркПАнын 11-пленардык сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы коронавирустун пандемиясынан улам келип чыккан эл аралык кырдаалдын жаңы шарттарында, түрдүү чакырыктар жана коопсуздук коркунучтары менен түрк мамлекеттери түрк кызматташтыгынын болгон толук потенциалын ачуу боюнча максаттуу иштерди улантуусу керектигин билдирип, бир тууган Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын парламенттеринин толук кандуу кошулуусу аркылуу ТүркПАны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email