271836586 317738253606218 6739833023526368049 N.730x0

Кыргызстандын футзалчы кыздары эл аралык мелдешке катышуу үчүн Душанбеге учуп кетти

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Ташкент аркылуу Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, футзалчы кыздар CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешине катышат. Беттеш 19-29-январда Тажикстанда өтөт.

Команданын курамасы:

Оюнчулар: Толгонай Алмазбекова, Айтурган Аскарова, Айжан Боронбекова, Ирина Дорофеева, Сезим Кубанычбекова, Кымбат Өмүрбекова, Айдана Оторбаева, Айпери Саскеева, Бактыгүл Токтоболотова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Назик Күмүшбек кызы.

Дарбазачылар: Наталья Гайворонская, Жайна Өмүрбекова.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email