Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-январында сауд тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев менен Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Херейджинин онлайн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багытталган натыйжалуу кадамдарды жасоону макулдашышты.
Тараптар бардык деңгээлдеги өз ара сапарларды, ТИМдер аралык саясий консультацияларды, ошондой эле эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштуруу зарылдыгын белгилешти.
Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн маданият күндөрүн, туризм жана бизнес форумдарды биргелешип өткөрүү боюнча макулдашышты.
Сауд тарап эки өлкөнүн БУУ жана ИКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы тыгыз кызматташтыгын жогору баалады.