Whatsapp Image 2022 04 28 At 16 27 37.730x400

Улуттук банктын төрагасы Вашингтондо ЭВФ жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жыйынына катышты

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунда Кыргызстандын атынан башкаруучу катары АКШнын Вашингтон шаарында болуп өткөн Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Жазгы жыйындын алкагында КР Улуттук банкынын төрагасы бир катар жолугушуу өткөрүп, анын ичинде ЭВФтин тескөөчү директору Кристалина Георгиева, тескөөчү директордун орун басары Бо Ли, ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Т.Йордан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФ жана Швейцариянын Улуттук банкы ортосунда мындан ары кызматташуу жана өз ара иш алып баруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email