279514482 307634601528303 154785167179533779 N.730x400

Түркияда манас айтуучулук боюнча иш-чара өткөрүү сунушталды

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жанга жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ТҮРКСОЙдун биргеликте өткөрө турган орток пландары талкууланып, аны ишке ашыруу боюнча алгачкы маселелер талкууланды.

Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо иш аракетин алып барган уюм, министрлик менен жакынкы убактарда биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Мындан сырткары, Түркияда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан тараптын катышуусу тууралуу кеп болуп, анын маданий жана спорттук бөлүгү талкууланды.

Ошондой эле, жаңыдан түптөлгөн “Манас” театрынын ишмердүүлүгү жана аны түрк дүйнөсүнө таанытуу боюнча сүйлөшүү болуп, Түркияда манас айтуучулук боюнча иш- чара өткөрүү сунушталды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email