038d28c8 0cb4 4ad9 A4b4 0fbf8cdbe734

Ысык-Көлдө 22 өлкөдөн келген жөө күлүктөрдүн катышуусунда эл аралык марафон старт алды

Чолпон-Ата, 14.05.22. / Кабар/. Бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды.

Марафонду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

“Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз”, – дейт ал.

Жапаров Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон бир гана Ысык-Көлдө өтүп жатканын кошумчалады.

Жарышта 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сыноодо.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшүүдө:

– Марафон — 42 чакырым 195 метр;
– Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр
– 10 жана 3 чакырым;
– 3 чакырымга скандинавиялык басуу;
– 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өтүүдө.

Марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email