Dst 0141

Президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары аяктады

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапар аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

Өлкө лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалын, ЖККУнун азыркы реалдуулуктагы ролун жана ордун, ошондой эле кризиске каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүнө, ошондой эле

-“ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечимине кол коюлду.

Сыйлангандардын арасында Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун контингентинин курамында тынчтыкты сактоо миссиясын аткарган Кыргызстандын бир катар аскер кызматкерлери бар.

Саммит аянтчасында тет-а-тет форматында президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Иш сапары аяктаган соң, мамлекет башчысы бүгүн, 17-майда, БАЭ президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email