281866563 1638364089843331 1430056345182845986 N

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email