E16eed51 103c 401b 97cb 3e672904a65a.730x0

Кыргыз-катар кызматташтыгынын транспорт тармагындагы абалы жана келечеги талкууланды

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын транспорт министри Жассим Аль-Сулайти менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын транспорт тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Жарандык авиация тармагында өз ара аракеттенүүнү улантуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email