62b4542376202 Thumb

Спортчу Элина Бакытованын Бахрейндеги Азия чемпионатына катышуусуна каражат бөлүндү

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, орто мектептин 9-классынын окуучусу Элина Бакытова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин башчысынан эркин күрөш менен алектенген жаш спортчуга каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү айтылган. Элина Бакытовага 2022-жылдын июль айынын биринчи он күндүгүндө Бахрейн Падышалыгында өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн каржылык каражат керек.

Акылбек Жапаров жаш спортчуга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн маянасына 50 миң сом бөлүп берди.

«Биз акыркы Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери болгон кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен борбор калаада адистештирилген спорт зал курулууда. Элина, сизге спортто ийгиликтерди, алдыга койгон бардык максаттарыңызга жетишиңизди жана чың ден соолук каалайм», – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email