296363929 377111547709341 2342022285768031968 N.730x0

Жаркынай Нурлан кызы күрөш боюнча U17 Дүйнө чемпионатында коло утту

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы 17 жашка чейинки (U17) кыздар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 25-31-июль аралыгында Италиянын Рим шаарында өтүүдө.

Жаркынай Нурлан кызы 65 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Ал алгач түркиялык спортчуну 6:2, чейрек финалда индиялык кызды 4:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда япон кызга утулуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө чыкты.

Үчүнчү орун үчүн кармашта америкалык Сидней Перрини 7:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль багындырды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email