Whatsapp Image 2022 08 01 At 1 13 38 Pm 1

Мумбайда өткөн иш-чарада Кыргызстан менен Индиянын экспорттук потенциалын кеңейтүү зарылдыгы айтылды

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Мумбай шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Эл аралык келишимдин алкагында эл аралык деңиз коммуникацияларына жетүү үчүн Түндүк-Түштүк транспорт коридору (INSTC) долбоорунун алкагында аймактык транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө арналган “Чабхар күнү – 2022” иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Индиянын порт, кеме жана суу жолдор министри Сарбананда Соноваль жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары катышты.

Катышуучулар Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык тармактарына ишенимдүү альтернативдүү кирүү жолдорун камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашып, ошондой эле транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алышты.

Элчи Исаев өз сөзүндө Борбордук Азия мамлекеттери үчүн иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорго катышкан өлкөлөрдүн соода мамилелерин арттыруу жана экономикалык потенциалды жогорулатуу үчүн аймактын транспорттук инфраструктурасын биргелешип өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге элчи Асеин Исаев Чабахар портун (Иранда жайгашкан) жана Түндүк-Түштүк коридорун ийгиликтүү иштетүү үчүн Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу сооданы көбөйтүү жана эки өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда бажы жана инфраструктура маселелери, ошондой эле деңиз портун пайдалануу жана инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча B2G жолугушуулары өткөрүлдү.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email