Chicago4.730x0

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында КР президентинин тиешелүү жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлгөн.

Зарыл ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган тиешелүү иштер, ошондой эле башка уюштуруу маселелери аяктады.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Телефон: 312 994 2416.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email