8c17d193 D96f 4fd8 Befe A37ae5a30073.730x0

Эдил Байсалов KOICA-2022 стипендиялык программасынын стипендиаттары менен жолукту

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов KOICA-2022 стипендиялык программасынын стипендиаттары менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ, KOICA`нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Джонгсу, ошондой эле KOICA стипендиялык программасынын стипендиаттары катышты.

Белгилей кетсек, КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте KOICA стипендиялык программасына кабыл алууну жүргүзгөн.

Анын алкагында 40тан ашык мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик сектордун кызматчылары KOICA стипендиялык программасына өтүнмөлүн тапшырuан. Анын ичинен 14 кызматчы тандап алуу баскычтарынан ийгиликтүү өтүп, Кореяга окууга август айында кетүүгө даярданып жатышат.

14 мамлекеттик кызматчынын ичинен, 2 кызматчы докторантура программасына, 12 кызматчы магистратура программасына ийгиликтүү өтүштү.

Окутуунун эң актуалдуу темалары:

– мамлекеттик башкаруу;

– илим жана техника;

– каржы;

– билим берүү;

– региондорду өнүктүрүү;

– соода-өнөр жай саясаты;

– энергетика;

– санариптешүү;

– айыл чарба.

KOICA Стипендиялык программасына тандоо процедурасы төмөнкүдөй жүрөт:

1. Документтерди кабыл алуу;

2. Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тапшыруучулардын маектешүүсү;

3. Кореянын жогорку окуу жайларынын профессорлору менен маектешүүдөн өтүү;

4. Медициналык текшерүүдөн өтүү;

5. Окууга өткөн ийгиликтүү талапкерлер менен жыйынтыктарды жарыялоо.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email