298880288 376427561315673 2195038920153365740 N

Венгрияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтүп жатат

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Кечээ, 11-август күнү КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Маданият жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Габор Чаба жана Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Триштан Азбей менен жолукту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Габор Чаба Азамат Жаманкулов баштаган расмий жана чыгармачылык топтун келишин кубануу менен кабыл алып жаткандыгын белгилеп, кыргыз маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк жаралганына токтолду.

Азамат Жаманкулов өз кезегинде Венгрия тараптын мындай жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда ачылган Венгриянын элчилиги көпүрө болгон мындай маданий байланыштар эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдээрин белгилепди.

Азамат Жаманкулов Кыргызстан жыл сайын башка мамлекеттерде маданий күндөрдү уюштуруп, кыргыз элинин бай маданияты жана мурастары менен тааныштырып келгенин айтып, 2022- жыл ичиндеги Венгриядагы бул маданий күндөр анын алгачкысы экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Венгриянын Маданият жана инновациялар министрлиги ортосунда жемиштүү кызматташуу ниеттерин билдиришип, эки тараптуу мындай иш-чараларды байма-бай уюштурууну макулдашты.

Жолугушуудан соң Венгрияда жаңы ачылган Ч. Айтматов атындагы сейил багына барышып, гүл чамбар коюшту.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email