Photo 5460684376221269773 Y.730x0

Информатика боюнча Эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу коло утту

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

International Olympiad in Informatics – бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.

Улуттук олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы менен 4 окуучу Кыргызстандын наамын коргоо үчүн Индонезияга барган.

Жыйынтыгында:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучу – коло медаль;

2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр лицейинин 10-классынын окуучу – коло медаль;

3. Данияр Бейшекеев, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү – коло медаль;

4. Талант Дыйканбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин бүтүрүүчүсү – ардак грамота.

Команда жетекчиси Павел Панков. Команда жетекчисинин жардамчысы жана даярдаган мугалими Кылычбек Урайымов.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email