131248.730x0

Самаркандда ШКУ саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйын Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өттү.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында лидерлер төмөнкү документтерге кол коюшту:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясы.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга карата Комплекстүү иш-аракеттер планы жөнүндө чечими.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өз ара байланышты өнүктүрүү жана натыйжалуу транспорт коридорлорун түзүү боюнча кызматташуу концепциясы жөнүндө чечими.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин “Шанхай кызматташтык уюмунун ыктыярдуу элчиси” ардактуу наамы тууралуу жобо жөнүндө чечими.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өз ара эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшүн акырындык менен жогорулатуу боюнча жол картасы жөнүндө чечими.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет макамын алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө чечими.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө Беларусь Республикасын кабыл алуу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечими.
  9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Бахрейн Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.
  10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Мальдив Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Мьянма Союзу Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.
  12. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Бириккен Араб Эмирликтерине Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.
  13. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Кувейт Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө чечими.
  14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Варанаси шаарын (Индия Республикасы) 2022-2023-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо тууралуу чечими.
  15. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы билим берүү, илим жана маданият боюнча (2023-2027-жылдары) меморандумга кол коюу жөнүндө чечими.
  16. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Шанхай Кызматташтык Уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасы боюнча чечими.
  17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүм кеңешинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету жөнүндө чечими.
  18. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө чечими.
  19. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү боюнча аракеттер тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).
  20. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Жүк жеткирүүнүн ишенимдүү, туруктуу жана диверсификациялан чынжырчасын камсыз кылуу боюнча билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).
  21. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Эл аралык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).
  22. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан сырткары, жыйындын алкагында төмөнкү документтерге да кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Туризм тармагында кызматташуусу жөнүндө өкмөттөр ортосундагы макулдашуусу.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет макамын алуу максатындагы Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери тууралуу меморандум.
  3. Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.
  4. Сауд Арабия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.
  5. Катар Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунун пикир алышуу боюнча өнөктөшү макамын берүү жөнүндө меморандум.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Соода кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташуунун алкактык негиздери.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Музей иштери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Энергиянын кайра жаратуу булактарын пайдалануу жаатында кызматташуу программасы.
  10. Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде инфратүзүмдүк өнүктүрүү программасы.
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда Өнөр жай кооперациясын стимулдаштыруу программасы.
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү программасы.
  13. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кызматташуу программасы.
  14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медицина уюмдарынын ортосунда Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана дарылоо маселелери жаатында кызматташуу боюнча жол картасы.
  15. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосунда Артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий-техникалык жактан кызматташуу жаатында иш-аракеттер планы (2022-2025-жылдарга).
  16. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Ички региондук сооданы өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы.
  17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Саламаттык сактоо министрликтеринин телемедицина жаатында кызматташуу концепциясы.
  18. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын “Акылдуу” айыл чарбасы жана агроинновациялар жаатында өз ара аракеттенүү концепциясы.
  19. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Араб Мамлекеттер Лигасынын Башкы катчылыгынын ортосунда меморандум.
  20. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (2023-2027-жылдарга).
  21. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен БУУнун Азия – Тынч океан экономикалык жана социалдык комиссиянын (АТЭСК) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  22. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен “Астана” эл аралык каржы борборунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча 2022-2025-жылдарга карата иш-чаралар планы.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email