309624594 427722366131428 6717804499544095972 N

Кыргызстандык ишкерлер Германия жана Польшага барышты

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. 19-24-сентябрда Кыргызстандан 20 компаниянын өкүлдөрү Германияда болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бизнес жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн Германияга иш сапары Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасынын алкагында уюштурулду.

Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү Ганновер жана Берлин шаарларында өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышты.

“21-сентябрда Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде кыргыз бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда экономикалык чөйрөдө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Кыргызстандын ишкерлерине элчиликтин экономика тармагындагы аракети тууралуу маалымат берилип, германиялык тарап менен кызматташууну жигердетүү боюнча Кыргызстандын ишкерлеринин конкреттүү сунуштары талкууланды.

Ошондой эле кыргыз бизнесинин өкүлдөрүнүн Германиянын агробизнес ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуусу уюштурулуп, анда айыл чарба тармагында кызматташууну түзүү маселелери кеңири талкууланды. Герман тарап Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми 24-25-сентябрда кыргызстандык ишкерлер Польшанын Познань шаарында өткөн “Агро Шоу” эл аралык айыл чарба эл аралык көргөзмөгө катышты. Польшага болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү Польшанын айыл чарба машиналары жана жабдуулары боюнча Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, агробизнес тармагындагы ар түрдүү дүйнөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, кызыккан маселелерди талкуулоо менен бирге айыл чарба жаатында алдыңкы технологиялар жана жабдуулар менен таанышты.

26-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргыз-польша бизнес форумуна катышып, анда 20 кыргызстандык жана 25 польшалык компаниянын өкүлдөрү эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн жолдорун кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргызстандык ишкерлер Польшанын Crimea аттуу саркынды сууларды тазалоочу ишканасында жана Horus Energia электр генераторлорун чыгаруучу заводдо болушту.

Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрүнүн Польшага болгон иш сапары жана Кыргыз-польша бизнес-форуму КР Соода-өнөр жай палатасынын Германия жана Польшадагы өкүлү А.Исмаилов тарабынан Польшанын инвестиция жана соода агенттиги менен биргеликте уюштурулду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email