308488674 160691483248601 3153380753204242242 N

Бишкекте кыргыз-кореялык биринчи бизнес-форуму өттү

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бишкектетекстиль жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында кыргыз-кореялык биринчи бизнес-форуму болуп өттү.

“Кыргызиндустрия” ААКсынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Бизнес-форумга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ, “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде электромобилдерди жана электр менен иштеген жеңил коммерциялык жүк ташуучу автомобилдерди берүү жана куроо, жүндү жууп-тазалоо жана пахта жиптерди өндүрүү, текстилден жана трикотаждан буюмдарды жасоо процесстерине заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

“Кыргызиндустрия” ААКсынын тышкы экономикалык байланыштар жана соода боюнча вице-президенти А. Байышбеков Корея тараптын катышуусу менен ишке ашырууга мүмкүн болгон жибек өндүрүүнү, синтетика жана жасалма булалардан кездеме токууну жандандыруу боюнча долбоорлорду презентациялады.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email