9

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Испаниядагы 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Күрөштүн үч түрү боюнча өткөн мелдеш 17-23-октябрда Понтеведра шаарында болду.

Турнирдин жыйынтыгында эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш жана 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медаль тагынды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email