315887721 177189568239360 863293084663227414 N

КР Энергетика министрлиги “Росатом” менен кызматташат

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. КР Энергетика министрлиги менен Россиянын”Русатом Энерджи Проджект” ачык акционердик коому кызматташат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматташуу жөнүндө документке КР энергетика министри Таалайбек Ибраев жана “Росатом” ААКтын жетекчиси Андрей Рождествин Сочиде өткөн “АТОПЭКСПО-2022” эл аралык форумдун алкагында кол коюшту.

Белгиленгендей, макулдашуунун максаты Кыргызстандын аймагында чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо болуп саналат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email