33.730x0

Финансы министрлиги: Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 144,7% түздү

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жыл менен салыштырганда бюджеттинин жалпы кирешеси 144,7%га же 65,2 млрд сомго көбөйдү (2021-жылдын 10 айында – 145,9 млрд сом).

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 162,3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 153,4% га же 56,5 млрд сомго көбөйдү. (2021-жылдын 10 айында – 105,8 млрд сом).

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 103,2 млрд сомду түздү, ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын түшүүлөрү 34,3 млрд сомго көбөйгөн же өсүү темпи 149,7 % (2021-жылы – 68,9 млрд сом).

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү 2022-жылдын 10 айында 59,1 млрд сомду түздү. 2021-жылдын 10 айындагы көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 160,3 % түздү же 20,3 млрд сом.

2021-жылга карата Кытай менен күзгү статистика 5,1 эсеге айырмаланган. 2022-жылдын 10 айында, айырма 3,6 эсени түзөт. Келечекте бул айырманы – 1,4 эсеге кыскартуу пландаштырылууда.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email