316290904 177586191533031 6861472918441637836 N.730x0

Энергетика министрлиги Кыргызстанга АЭС куруу боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Россиянын Сочи шаарында КР Энергетика министрлиги менен «Росатом» корпорациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган.

КР Энергетика министрлиги кол коюлган макулдашуу боюнча түшүндүрмө берди. Анда мындай деп айтылат: “Кол коюлган документте кызматташуу тууралуу сөз болууда. Ага ылайык, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу максатка ылайыктуубу же жокпу деген маселени түшүнүүгө негиз болот. Кыргызстан тарап «Росатом» сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгат. Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси дагы дыкат каралат. Андан кийин аталган маселе коомдук талкууга коюлат. АЭС куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынат.

Эл аралык тажрыйбага ылайык, АЭС азыр заманбап технология менен курулууда. Тагыраак айтканда, станцияга жакын жайгашкан калктуу пунтка, айыл чарбасына жана суу ресурстарына зыяны тийбегендей ыкма колдонулат. АЭСтин айланасындагы экологиялык абал тармактык органдардын жана ар кандай уюмдардын адистери тарабынан дайыма көзөмөлдөнүп турат. Атомдук электр станциялары жаратылышты булгабайт. Атомдук энергетика углеводороддун күйүшүн талап кылбайт, бул көмүр кычкыл газын атмосферага өтө эле аз көлөмдө бөлүп чыгарат деген сөз. Атомдук энергетикада колдонулган сырье толук күйбөйт. Бул калдыктарды кайра колдонууга болорун көрсөтүп турат. Анын негизинде калдыксыз өндүрүштү камсыз кылууга болот. Кыскасы, атомдук электр станциядар жашыл энергетиканын сап башында турат.

Учурда өнүккөн мамлекеттердин атомдук электр станциялары бар. Анткени аны энергетиканы, экономиканы жана өнөр жайды өнүктүрүүнүн горизонту катары эсептешет. Ошондой эле энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдайт”.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email