316535752 5728211787225450 5844232648631739961 N.730x0

Президент: Курултай – бабаларыбыздан мурас калган мамлекеттик башкаруунун адилеттүү институту

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. “Курултай – бабаларыбыздан мурас калган мамлекеттик башкаруунун ары адилеттүү, ары салттуу жана нарктуу институту”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, бүгүнкү күнү Курултай элибиздин тарыхый мурасына төп келген коомдук-саясий институт катары жаңы Конституциябыз аркылуу өз макамына ээ болду.

“Баш мыйзамдын талабын жана элдин тилегин эске алып, “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо менен бирге, Элдик Курултайды чакыруу боюнча Жарлыкты жарыялап, тарых алдындагы өз озуйпамды аткаруу мен үчүн чоң сыймык!

Элибиздин тарыхында мамлекеттин келечеги Элдик жыйын аркылуу аныкталган учурлар аз эмес.

Маселен, Элдик курултайды өткөрүү тажрыйбасы

– биздин заманга чейинки X кылымда эле кытай булактарында Кыргыз мамлекети эскерилген мезгилде;
– биздин доорго чейинки III кылымда хуннулар менен таймашкан мамлекетибиз мезгилинде;
– Барсбек каган жана анын жолун жолдоочулар башында турган, 840-жылдан тарта “Улуу кыргыз дөөлөтү” атагына ээ болгон каганатыбыздан тартып;
– Мухаммед Кыргыздын, Ормон хан Ниязбек уулунун тушундагы мамлекеттик түзүлүштөргө чейинки мезгилдерде болуп келген!

Байыркы көчмөн элдердин жашоо-турмушунда Элдик Курултай мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик башкарууну аныктоо, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөн. Биздин ата-бабалар ушул курултай институту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айланткан. Андыктан биз анын байыркы уңгусун бузбай, ошол эле маалда заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштырууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү Биринчи Элдик Курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеген, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын десем жаңылышпаймын”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Элдик курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун чыңдоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктардын айланасында коомду бириктирүүгө көмөктөшөт, деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элин түзгөн коомчулуктардын пикирлешүүсүн жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн Элдик курултай институту өтө орчундуу жана маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда кеңири коомчулуктун макулдашылган позициясын, чечимдерин карап, жаңы идеяларын өлкө жетекчилигине сунуштайт, деп баса белгиледи.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email