63919d022ae99

ЕЭК менен Кыргыз экономикалык университети кызматташуу программасына кол койду

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз экономикалык университетинде өткөн «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары: тенденциялар жана өнүгүү келечеги» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, көптөгөн өнүккөн өлкөлөр адамдык капиталга инвестиция салуу жана илимий изилдөөлөрдүн жана технологиялык иштеп чыгуулардын деңгээлин көтөрүү менен илимий-техникалык прогресске жетише алды.

«Биз Евразиялык экономикалык биримдикти жалпы интеграциянын гана эмес, инновациялык процесстин негизги бөлүктөрүнүн бири катары карайбыз. Инновациялык процесстердин, илимий билимдер, жаңы технологиялар, продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр системасы учурда экономикалык өсүштүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун моделинин негизи болууга тийиш. Анын экономикасынын инновациялык өнүгүү жолуна токтоосуз өтүүсү инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүүнү, тийиштүү илимий-техникалык потенциалды жана зарыл платформаны түзүүнү талап кылат, анын негизинде бул өтүү жолу камсыздалат», – деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, буга байланыштуу артыкчылыктуу милдет болуп Биримдиктин бирдиктүү инновациялык тутумун, же инновациялык экосистемасын түзүү саналат, ал Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бириккен инновациялык борборлорунун базасында илимий билимдерди өндүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүнө трансформациялоого катышкан институттардын жыйындысы болуп саналат.

«Быйыл Бишкекте өткөн биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Евразиялык тармактык университетти түзүү боюнча Меморандумга кол коюлган. Тармактык университетти түзүү илим-билим берүү окуу жайлардын базасында квалификациялуу кадрларды, илимпоздорду, изилдөөчүлөрдү калыптандырууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

Конференциянын алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргыз экономикалык университетинин 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Мындан тышкары, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке «Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email