B8fa535c 5d3c 452f 841b 846227c7010a

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды. Президент сыноодон өткөрдү

Бишкек, 12.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында сатылып алынган жаңы тик учак КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда Мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт.

Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email