Kategoriler
Kabar

Sınırdaki durum. 46 kişi mağdur – Kırgız Cumhuriyeti Sağlık Bakanlığı

Bişkek, 04/29/21. / Kabar /. Kırgız Sağlık Bakanlığı’nın bildirdiğine göre, 22: 30’da Kırgız-Tacik sınırındaki olayın toplam kurban sayısı 46 kişi.

Bakanlığa göre bunlardan biri ayakta tedavi, biri ölümcül vaka, geri kalan 44 kurban ise çeşitli kurşun yaraları ve vücudun çeşitli yerlerinde yaralanmalarla Batken bölgesi sağlık teşkilatında hastaneye kaldırıldı.

Kategoriler
Kabar

Kırgızistan ve Tacikistan’ın başbakanları, çatışmanın erken çözülmesi için tam hazır olduklarını ifade ettiler.

Bişkek, 04/29/21. / Kabar /. Kazan’da, Avrasya Hükümetlerarası Konsey toplantısının ardından, Kırgızistan Başbakanları Ulukbek Maripov ve Tacikistan Kohir Rasulzade arasında planlanmamış ikili bir toplantı gerçekleştirildi.

Görüşmede, iki ülkenin hükümet başkanları Kırgız-Tacik devlet sınırındaki mevcut durumu tartıştılar.

Taraflar, iki cumhuriyetin sınırındaki çatışma durumunu müzakereler yoluyla bir an önce çözmeye tam olarak hazır olduklarını ifade ettiler.

İki ülkenin başbakanları, oybirliğiyle, sınır sorunlarının çözümünde güç kullanımının kabul edilemez olduğuna inanıyorlar ve ihtilafın daha da tırmanmasını önlemek için acil önlemler alınması gerektiğini dile getirdiler.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанга БАЭден тамак-аш түрүндөгү гумжардам келди

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына жеткирилет.

Kategoriler
Kabar

Чек арада ок атуу токтой элек. Күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кагылышуу орун алган кыргыз-тажик чек аралаш аймактарда айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ок атышуунун натыйжасында 134 адам жабыркап, 13 каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7 093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиилктүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Kategoriler
Kabar

Чек арадагы абал. Тажикстан тарап миномет, пулемёт менен аткылоону баштады

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Kategoriler
Kabar

ТИМ кыргызстандыктарды 17-майга чейин Түркияга баруудан баш тартып турууга чакырат

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги карантин мезгилинде Түркияга баруудан баш тартууга чакырат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, эпидемиологиялык кырдаалды, коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кеткенин эске алуу менен 2021-жылы 21-апрелден 17-майга чейин Түркияда толук карантин киргизилгенине байланыштуу Тышкы иштер министрлиги ушул мезгил аралыгында Түркияга баруудан баш тартып турууга чакырат.

Kategoriler
Kabar

Премьер Марипов ЕРӨБ аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) аймактык директору Нил Маккейн менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы финансы институтуна республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, ар-бир ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен эки тараптуу кызматташуусу орногон учурдан тарта биргелешип иш алып баруудагы оңдуу тажрыйбасы бар. Банктын учурдагы портфели абдан көлөмдүү, анын суммасы – 330 млн АКШ долларынан ашуун жана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул биздин кызматташтыгыбыздын чеги болуп саналбайт. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык абалды турукташтырууга багытталган программаларын интеграциялай алабыз», – деди премьер-министр.

Нил Маккейн өз кезегинде банктын иши жана артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүсү тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар шаарлардагы транспорт жана жол инфраструктурасы тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын реабилитациялоо маселесин талкуулады.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандык боксчулар Сербияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда өткөн Belgrade Winner эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү.

Азат Үсөналиев (52 кг) жана Акылбек Эсенбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышса, ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан сапарга жөнөтүлдү.

Kategoriler
Kabar

Элчи Гүлнара-Клара Самат Татарстандын маданият министри менен жолугушту

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы эчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки республиканын бир тууган элдеринин ортосундагы руханий, маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

– маданият жана искусство жаатындагы иш тажрыйбасы боюнча Кыргызстандын жана Татарстандын тиешелүү министрликтеринин ортосунда консультацияларды уюштуруу;

– маданияттын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча биргелешкен программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу;

– чыгармачыл союздар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара байланыштарды чыңдоо, маданият жана искусство кызматкерлеринин ортосунда байланыш түзүү.

Ч. Айтматов атындагы чыгармачыл лабораторияны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө макулдашылды.

Дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында элчи Казань шаарында Ч. Айтматовдун эстелигин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдык мааракесине карата 2021-жылы Казань шаарында эскерүү кечесин өткөрүү сунушу айтылды.

Kategoriler
Kabar

Президент Жапаров казинону ар бир облуска ачууну колдойт

Бишкек, 27.04.21. / Кабар/. Президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына берген маегинде казинону ар бир облуска ачуу сунушун бергенин айтып өттү.

Анын айтымында, Кыргызстанда казино 2015-жылга чейин иштеп, кыргызстандын ар бир жараны ойногонго укугу бар эле.

“Казино маселесин депутаттар демилге көтөрүп киргизиптир, мен аны колдойм. Туура эле болду. Ысык-Көл жана Баткенде болсун деп эки жерде эле көрсөтүптүр. Бишкекте жана облустардын борборунда кумаркана ачуу боюнча депутаттарга сунуш киргизгиле деп аппаратка айттым”, – дейт ал.

Жапаров казиного Кыргызстандын жараны кирбей турганы мыйзамга жазыларын белгиледи.

“Чет өлкөлүктөр, туристтер үчүн гана ачылат. Экономиканы өзүңүздөр көрүп турасыздар, “итке минип калган”. Биз ар кандай жолдорду издеп, бюджетти толтурушубуз керек. Бюджетти толтура албасак, анда айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды жана сырткы карызды төлөй албайбыз”, – дейт мамлекет башчысы.

Өлкө башчы казино кыргызстандык бирөөнү киргизип салса, лицензиясы кайтарылып алынарын кошумчалады.