Kategoriler
Kabar

Адилет Камчыбеков Тунистеги ядро ыргытуу спорту боюнча мелдеште коло утту

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков Гран-при чемпионатында ядро ыргытуу спорту боюнча мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу спортчу “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Мелдеш 27-29-июнь күндөрү Тунис шаарында өттү.

Камчыбеков 6 кг салмактагы ядрону 11,35 метр аралыкта ыргытып, коло байгенин ээси болгон. Ал эми биринчи орунду алган Франциянын спортчусу Тоши Бадр 12,33 метр, экинчи орунга илинген Кувейттин спортчусу Сорур Файсал ядрону 14,87 метр аралыкка ыргыткан.

Kategoriler
Kabar

Наманган шаары Бишкекке 100 миң даана гүл белек кылды — сүрөт

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Өзбекстан белек катары берген бир жылдык 100 миң даана гүл Бишкекке келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун Наманган шаарындагы Эл аралык гүл фестивалына баруусунун жыйынтыгында 500 миң бир жылдык гүлдү Бишкек шаарына белекке берүү боюнча макулдашылган.

Мындан улам Бишкекке 100 миң гүл, Наманган шаарынан вице-мэри Абдулбомит Исмаилов, жергиликтүү турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлери, агрономдор, багбандар жана адистер келишти.

Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө. Таң эрте жашылдандыруу командасы жергиликтүү адистер менен биргеликте жаңы парктын гүлзарларына белекке берилген гүлдөрдү отургузушууда.

Учурда паркта 100дөн ашык кызматкер иштеп жатат.

Kategoriler
Kabar

Президент: Быйыл мамлекеттик бюджеттин кирешеси 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Салык кызматкерлеринин ишмердигинин аркасында 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 105,7 млрд сом келип түшсө, 2022-жылдын соңунда болжол менен 155,6 млрд сом жыйналары, же дээрлик 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындай натыйжага жетүүгө салыкчылардан күн-түн дебей иштөө талап кылынат. “Бул максатка жетесиздер деп ишенебиз”, – деп баса белгиледи президент өз сөзүндө.

Жапаров Салык кызматынын натыйжалуу ишинин аркасында маанилүү экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн айтты. Учурда салык мыйзамдарынын сакталышы көзөмөлдөнбөгөн бир дагы өндүрүш тармагы жана социалдык чөйрө жок.

“Бардык эле мезгилдерде салык төлөөдөн качуу коом алдында эң кооптуу кылмыштардын бири катары каралып келген. Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн милдеттерин так жана өз убагында аткарып, салык төлөмдөрүн толук көлөмдө убагы менен берип тургандай абалга жетүүгө умтулушубуз керек. Мына ошондо гана Салык кызматынын чындап иштеп жатканына күбө болобуз. Кудайга шүгүр, бул багытта акырындап жылыштар башталды. Буга салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир топ көбөйгөндүгүн далил катары белгилей кетсек болот”, – деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экономиканы көмүскөдөн чыгаруу керектигин айтып, буга байланыштуу фискалдык чөйрөдө реформа жүргүзүү аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

“Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, электрондук эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” сыяктуу салыктык башкаруунун жаңы инструменттери толук кандуу киргизилгенден кийин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу максатына жетебиз деп ойлойм.

Биз экономикалык жана финансылык татаал шарттарга карабастан, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен туруктуулукка жетишүүбүз керек. Муну менен биз мамлекеттин социалдык-экономикалык программаларын аткаруу боюнча кепилдик берүүгө жетишебиз”, – дейт президент.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда «Эмгек сиңирген ишкер» наамы киргизилүүдө

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда «Эмгек сиңирген ишкер» наамы киргизилүүдө. Бул тууралуу Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы КРнын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгондугун айтты.

«Жарлыктын негизинде «КРнын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», – деди президент.

Президент азыркы учурда өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар экендигин билдирди. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү, же ишкерлер мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлер биздин жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

«Бүгүн биз талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Kategoriler
Kabar

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон бүгүн, 30-июнда, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Kategoriler
Kabar

Дубайдан Бишкекке кошумча аба каттамдары ачылды

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын июнь айында «Флай Дубай» авиакомпаниясы Дубайдан Бишкекке кошумча каттамдарды ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы билдирет.

Маалыматка ылайык, учуулардын жыштыгы жумасына 10 каттамга чейин көбөйтүлдү.

Учуу убактысы 4 саат 20 мүнөт.

Kategoriler
Kabar

Президент: 1-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда үсүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бир катар кесиптин ээлеринин эмгек акысы көтөрүлгөн.

“Салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен отуруп калбастан, “Кумтөр” маселесин жолго коюп, мыйзамдаштырып, жалпы бюджетибизге кошумча киреше булагын пайда кылдык. Анын негизинде коомчулуктагы эң үч кесиптин ээлеринин: мугалимдерибиз, дарыгерлерибиздин жана маданият кызматкерлерибиздин айлык акыларын эселеп көтөрүүгө жетиштик. Буга чейин да айттым эле, эми дагы баса белгилеп кетейин, калган тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын, Кудай буюрса, алдыдагы 1-августтан тарта көтөрөбүз деген конкреттүү пландарыбыз бар. Бардык тармактагы кызматкерлердин айлык акыларын 1-августтар тартып көтөрөбүз мугалимдердикиндей кылып”, – деди өлкө башчысы.

Kategoriler
Kabar

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов 100 жылдыгын белгиледи

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов 100 жылдыгын белгиледи

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ардагерди 100 жылдык мааракеси менен Ленин районунун башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова куттуктады.

Жунусова ардагерге Ленин районунун акиминин атынан куттуктоо куржунун тапшырып, материалдык жардам көрсөтүп, чың ден соолук каалады жана баатырдык эрдиктери үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымалы Осмонов оңдогон медалдар менен сыйланган. Ал Беларусь жана Украина фронтторунда салгылашып, 1944-жылы Варшаваны, Венгрияны, Польшаны, Праганы бошотуу үчүн салгылашууларга катышкан.

Kategoriler
Kabar

2022-жылы социалдык багытка бюджеттен 40 млрд сомго көп каражат бөлүнүүдө — президент

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышууда.

Жапаров парламенттин трибунасынан сөз сүйлөп, 2022-жылы социалдык багытка республикалык бюджеттен 40 млрд сомго көп каражат бөлүнүп жатканын айтты.

“Өлкөбүздөгү эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнүүдө. Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылы бул тармакка 3,4 млрд сом эле каралган. Мектеп, медициналык мекемелерди жана башка социалдык жаңы объектилерди куруу жана бүтпөй калган имараттарды бүткөрүүгө 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Ал 2021-жылга караганда эки эсеге көп”, – деди Жапаров.

Kategoriler
Kabar

Жапаров менен Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда, президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле пландалган эки тараптуу багыттагы визиттердин графиктери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына (9-октябрь, 2022-ж.) байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 65 жаш мааракеси менен куттуктап, Түркмөнстандын учурдагы жетишкендиктери Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы менен үзгүлтүксүз байланышканын белгиледи. Ал анын талыкпаган эмгеги жана мекенчилидиги Түркмөнстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өлкөнүн эл аралык аренадагы чоң жетишкендиктерине жол ачканын белгиледи.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандыкты, ынак коңшулаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелерди өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо духунда өнүктүрүү ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, узак өмүр, түгөнгүс энергия жана боордош түркмөн элинин бакубаттуулугу үчүн ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.