Kategoriler
Kabar

Жалал-Абад шаарында экологиялык веломарафон өттү

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана “Youth of Osh”, “Дестинация Жалал-Абад” коомдук бирикмелери тарабынан “Эковеломарафон” аталышындагы иш-чара өттү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, экологиялык марафонго Жалал-Абад шаарынын вице-мэрлери Элдос Таев, Гүлбарчын Таштанбекова баштаган мекеме-ишканалардын кызматкерлери, “Youth of Osh”, “Дестинация Жалал-Абад” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – абанын булганышы кѳйгѳйүнѳ коомчулуктун кѳңүлүн буруу, экологиялык транспорт жана дени сак жашоо образын жайылтуу.

Уюштуруучулар велосипедди башка унаа каражаттарына альтернатива катары колдонуу шаардагы абанын булганышын азайтууга мүмкүнчүлүк түзѳрүн белгилешет.

Аталган веломарафонго 100дөн ашуун велосипед сүйүүчүлөр катышты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Kategoriler
Kabar

“Ала-Арчада” Кыргызстан менен Индиянын ТИМ башчылары жолугушууда

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев бир катар көп тараптуу уюмдардагы кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттерин туруктуу бекемдөөнү белгиледи.

Мен айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын, ошондой эле маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн зарылдыгын баса белгилегим келет”, – деди ал.

Өз кезегинде Индиянын ТИМ башчысы министрге Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилүү болгондой жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттерди жана кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулоону пландашууда.

Эскертке кетсек, Кыргызстан менен Индиянын ортосунданы дипломатиялык алакалар 1992-жылы 18-мартта түзүлгөн.

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген тең укуктуу өнөктөштүк жана өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген.

1992-жылдын 18-мартында кабыл алынган Кыргызстан менен Индия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын принциптери жана багыттары жөнүндө биргелешкен Декларация, ошондой эле 2019-жылдын 14-июнундагы Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү боюнча биргелешкен декларация эки тараптуу кызматташтыктын негизги документтери болуп саналат.

Ошентип, эки өлкөнүн кызматташуу жылдарында жогорку жана эң жогорку деңгээлде визиттер уюштурулду, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди экономикалык, саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий, гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу макулдашуулар жетишилген.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда ШКУ, БУУ, ДССУ, ЮНЕСКО, Интерпол сыяктуу жана башка көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматаштык жемиштүү өнүгүүдө, алар эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири спектри боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн болушу менен айырмаланат.

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы укуктук база мамлекет аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык 62 келишимди жана макулдашууну камтыйт.

Kategoriler
Kabar

Далысын басып… Жоламан Шаршенбеков жарым финалга көтөрүлдү

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына көтөрүлдү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгып, аны 2:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалдык беттеште грузиялык балбан Иракли Жимистаришвилинин далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандык Билимбек Алмаматов грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов АКШда өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын байгелүү болду. Бул тууралуу спортчу “Кабар” агенттигине билдирди.

Билимбек Алмаматов 77 кг салмакта жеңүүчү аталды.

Ошондой эле аталган чемпионатта Тынчтык Жунусалиев күмүш, Мирлан Маратбеков коло байгеге илинди.

Kategoriler
Kabar

Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүсү кеңири талкууланды.

Руслан Казакбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, ошондой эле алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык шайлоого токтолуп, Кыргыз Республикасынын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык укуктук документтерде белгиленген курстун, максаттардын жана принциптердин уланышын белгиледи.

Имон Гилмор Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы адам укуктары боюнча диалогдун ачык жана конструктивдүү мүнөзүн белгиледи. Ал эл аралык байкоочулардын, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБнын 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында өтө турган парламенттик шайлоого чакырылышын кубаттап, шайлоону өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргыз Республикасында жана Евробиримдикте адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча чаралар, анын ичинде гендердик күн тартиби, сөз эркиндиги, мыйзамдуулуктун сакталышы жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Атайын талкуунун темасы 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Европа Биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү болду. Тери Хакала форумду Бишкекте өткөрүү демилгеси үчүн кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Kategoriler
Kabar

Бүгүн Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстандын делегациясы КМШ өлкөлөрүнүн ТИМинин кезектеги жыйынына катышты

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-октябрында Кыргызстандын делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин Консулдук кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин XXVIII жыйынында катышты (видео форматында). Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шериктеш өлкөлөрдүн 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер боюнча Вена конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциясынын («Минск конвенциясы»), ошондой эле шериктештикке мүчө-мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эки тараптуу консулдук конвенциялардын алкагында кызматташтыкн маселелери талкууланды.

КР делегациясы жалпысынан «Вена» жана «Минск» конвенцияларынын жоболорун сактоо боюнча олуттуу көйгөйлүү маселелердин жоктугун белгилеп, тараптардан талап кылган аспектилерге тийиштүү аткарылышына көңүл бурду.

Башка катышуучулар менен бирге Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы талап кылгандай, жарандардын кармалышы жана камакка алынышы боюнча расмий маалыматты өз убагында алуу, ошондой эле компетенттүү органдарга кайрылууларды кароонун узак мезгилинде тергөөдө жүргөн, же болбосо чет өлкөдө соттолгон КР жарандарына консулдук кеңештерди берүү максатында жазык мекемелерине кирүү маселелерине көңүл бурулду.

КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары А.Кыштообаев Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциясынын 13-беренесине ылайык, катышуучу мамлекеттер тарабынан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнүн региондорунда башка катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан эч кандай атайын күбөлөндүрүүсүз берилген расмий документтерди таануу маселесинин актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы тийиштүү консультацияларды өткөрүү жана КМШга мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдары ортосунда экстрадициялоо, тинтүү жана камакка алуу, ошондой эле башка кылмыш, жарандык иштер маселелери боюнча электрондук форматка өтүү аркылуу документтердин жүргүзүлүшүнүн ыкчамдуулугун жогорулатуу боюнча сунуш киргизди.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тараптардын сунуштарын камтыган протокол кабыл алынды.

Kategoriler
Kabar

Статистика: Кыргызстанда 104 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-октябрга карата коронавирус дагы 104 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 690 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 614 адам каза болду.

Kategoriler
Kabar

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында япониялык спортчу менен күрөшөт

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда, кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күрөшөт.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Анын алгачкы атаандашы япониялык Нонока Озаки болот.

Ошондой эле Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы да күчүн сынашат.

Эскерте кетсек, Осло шаарындагы мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Kategoriler
Kabar

Акыркы маалыматтар: 43 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап көз жумду

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 4-октябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 26, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап көз жумган.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 712 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 783 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 608 адам каза болду.