200451499 3906724792729477 3251023334578722013 N.730x0

Денис Петрашов машыгууларын Түркияда өткөрөт

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 14-июндан 2-июлга чейин Белек шаарында машыгууларын өткөрөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Белек шаарына жөнөтүлүп жатат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email