20140813200404

Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленди

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. 26-сентябрда Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибековдун демилгеси менен Анкара шаарынын Свистотел отелинде Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 20 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу кече өттү. Ишчарага Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Жамил Чичек баш болгон парламент жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү, элчилер катышты. 

Ишчара жүрүшүндө Ахматбек Келдибеков Түркия Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет экендигин баса белгиледи. Өткөн 20 жыл аралыгында эки боордош өлкө ортосундагы өзара байланыш кадыресе калыптанып калды. Кызматташтыктын артышына салым кошкондугу үчүн маареке меймандарына ыраазычылык билдирүү менен, алардын ар бирине эстелик белек-бечкегин тапшырды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email