51f35ad7 Bca8 4d7b A7aa 07254e0c815f.730x0

Түркстан-Бишкек-Түркстан жаңы аба каттамы ачылат

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары – Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-майынан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан” багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачууну пландаштырылууда.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы 1 саат 15 мин.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email