3961 N1967024 Big.730x0

КР делегациясы “Россия – Ислам Дүйнөсү” эл аралык экономикалык саммитине катышууда

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Ж.А.Асанкулов башында турган Кыргызстандын делегациясы Татарстан Республикасынын президенти Р.Н.Миннихановдун чакыруусу боюнча 2021-жылдын 28-июлунан 30-июлуна чейин Татарстандын Казань шаарында өтө турган «Россия – Ислам Дүйнөсү» эл аралык экономикалык саммитине катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Кыргызстандын делегациясынын курамында – Кыргызстандын Россиядагы элчиси Г.-К.Самат, КР инвестициялар министри А.Шыкмаматов, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев, ошондой эле банк секторунун жана бизнестин өкүлдөрү бар.

Саммитке катышуунун алкагында Татарстандын президенти Р.Минниханов, Сауд Арабия Королдугунун, Бахрейндин, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын жана Башкортостандын делегацияларынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү пландаштырылууда.

Ошондой эле Татарстандын Соода-өнөр жай палатасынын аймагында Татарстандагы ири бизнестин өкүлдөрү менен ишкер сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email