114981 Jpg W780 H500 Resize.730x0

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email