121c1c62 8dda 4548 Baab Ade95a15ebed 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0.730x0

Кыргызстанда 69 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду — статистика

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-ноябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Анын ичинде Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 633 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 953 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 599 киши айыгып чыкса, 2 миң 729 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email