Photo 2021 11 22 10 44 32

Элчи Мирлан Арстанбаев Япониядагы бизнес-семинарга катышты

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кобе шаарында “Monotec International” компаниясынын көмөгү менен уюштурулган бизнес-семинарга катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Арстанбаев Такаси Буннону Кансай консулдук округундагы ардактуу консулу болуп дайындалгандыгы менен куттуктап, ошондой эле Кыргызстанга ардактуу консулдун кеңсесинин расмий ачылышы пландалгандыгын билдирди.

Арстанбаев Кыргызстандын соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы боюнча маалымат берди. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды улантуунун жана Японияга органикалык продукцияны экспорттоо боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Япония тарабынан иш-чарага 30дан ашык жеке ишкер катышты.

Маалымат үчүн: “Monotec International” компаниясы 1998-жылы түзүлгөн, тоо боорлорунда курулуш жана инженердик ишмердүүлүк менен алектенет.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email