5f4c0159 A608 49ff 8c11 C76e0bee7590 730x0.730x0

COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 198 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада илдеттен бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган, ал эми 2 миң 819 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email