24f3cccc 6967 4aea 8b19 2b2656654bc0 730x0 730x0 730x0.730x0

Коронавирус боюнча статистика. 17-январга карата 781 жаңы учур катталды

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 658, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 48, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 14 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бугүнкү күндө стационарларда коронавирустан 907 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 бейтап каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email