4l7a8782

Кыргызпатенттин директору менен Венгрия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Ш.Дороги Кыргызпатенттин инновациялык борборуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчиге инновациялык борбордо экскурсия жүргүзүлүп, борбордун резиденттери тууралуу маалымат берилди.

Андан соң, Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева менен элчи Ш. Дороги инновациялар жаатында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда тиешелүү тармактар боюнча бирге кызматташуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү чечимине келишти.

Жумушчу топтун жетекчилери болуп Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева жана элчи Ш.Дороги дайындалды. Тараптар аталган жолугушууну жумушчу топтун биринчи отуруму катары белгилешти.

Мындан сырткары, Кыргызстанда илимди жана инновацияларды жайылтуу боюнча биргеликте иш-чараларды өткөрүүнү пландашты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email