298796103 5240255562756484 7720433627632836308 N

Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрүн (кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча) салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда.

Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын куржунунда 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло.

Оюндар 18-августка чейин уланат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email