305938381 2226707730837477 7197836451332667462 N.730x0

Акжол баатыр! Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Махмудовду куттуктады

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады.

“Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол, баатыр!” – деп куттуктаган өлкө башчы.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email